КСДПнын Саясий кеңеши Дамир Мусакеев боюнча жыйынга чогулат

Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын (КСДП) экс-президент Алмазбек Атамбаевди лидер деп тааныган мүчөлөрүнүн Саясий кеңеши бүгүн 25-майда жыйынга чогулат.

Кеңештин төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева "Азаттык" радиосуна билдиргенине караганда, жыйында Дамир Мусакеев боюнча маселе талкууланып, билдирүү кабыл алынат.

24-майда Бишкектин Свердлов райондук соту Атамбаевдин жансакчысы, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Дамир Мусакеевди беш жылга эркинен ажыратты. Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-башкармалыгын (мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматы) жетектеп турганда кызматтык батирлерди мыйзамсыз бөлүштүргөн деген негизде сот залынан камакка алынды.

Мусакеев коюлган айыпты негизсиз деп атаган. (RK)

Азаттык тиркемеси
Азаттык Телеграмда
Азаттык Инстаграмда


Источник: “https://www.azattyk.org/a/29962294.html”